Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Орусия өкмөтү никабга тыюу салуу тууралуу сунушту колдогон жок


Никабчан аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Никабчан аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия өкмөтү аялдардын никабчан жүрүүсүнө жана кийимдеги башка да диний белгилерге тыюу салуунун зарылчылыгы жок деп эсептейт. Бул тууралуу өкмөттүн парламентке жообунда айтылганын “РИА Новости” агенттиги билдирди.

«Мыйзамда динге болгон мамилесине байланыштуу адамга артыкчылык берүү, чектөө же басмырлоонун башка да формаларын көрсөтүүгө жол берилбейт. Андыктан диний кийим кийүүгө чектөө киргизилсе адам укугу жана жарандын абийир жана дин тутуу эркиндиги бузулушу мүмкүн”, - деп айтылды өкмөттүн Мамлекеттик Думанын депутаттарынын суроосуна 27-майда жолдогон расмий жообунда.

Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев аялдарга никаб кийүүгө тыюу салууну сунуштаган. Бул тууралуу ал "Парламент гезити" басылмасына курган маегинде айткан.

Фадеев бул маселени Орусиядагы Мусулмандар дин башкармалыгы жана аймак губернаторлору менен талкуулоону көздөп жатканын кошумчалаган. Фадеевдин айтымында, никабга Борбор Азиянын айрым мамлекеттеринде дагы тыюу салынган. Бирок ал кайсы өлкө экенин тактаган эмес.

Айрым парламентарийлер бул маселени "маалымат каражаттарына чыгарбастан, эки жагын салмактап" талкуулаш керек экенин айтышкан. Ал эми улуттар иштери боюнча комитеттин төрага орун басары Илдар Гилмутдинов никабга кескин тыюу салуу кырдаалды курчутуп жиберет деген ою менен бөлүшкөн.

КПРФ депутаты Михаил Матвеев «жүзүн жашырган» аялдарга 10 миң рубль айыппул салууну сунуш кылган.

Муфтият никабчан жүрүү туура экенин билдирген, бирок эгер расмий бийлик экстремизмдин күчөшү никабга байланыштуу экенин аныктап чыкса тыюу салса болорун кошумчалаган.

Никабга тыюу салуу демилгеси Калуга облусунда колдоо тапкан. Аймактын ички саясат министри Олег Калугин жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде никаб адамдын жүзүп жаап, таанууга тоскоол жаратканына байланыштуу тыюу салыш керек экенин айткан. Ал никабды кылмышкерлер колдонушу мүмкүн экенин эскерткен.

Былтыр күзүндө Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.

Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы 2023-жылдын 5-сентябрында коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун жактырган.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Ал кара кездемеден тигилет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG