Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

30-май: Абактагы журналист колун кескиледи, Орусиядан 13 миңден ашуун кыргызстандык депортацияланды


Журналист Актилек Капаров cот залында, 1-апрель, 2024-жыл
Журналист Актилек Капаров cот залында, 1-апрель, 2024-жыл

30-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жаза аткаруу кызматы амактагы Актилек Капаров колун калем сап менен кескилегенин маалымдады

“Айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 28-майда сот залына кирерде калем сап (ручка) менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо-шартына арыз-доосу жок экенин оозеки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана медициналык кароодон өтүүдөн баш тартты", – деп билдирет Жаза аткаруу кызматы. Мунун алдында журналист Актилек Капаров жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, “Мени токтоосуз түрдө тергөө абагынан бошотууну жана мага карата куугунтукту токтотууну талап кылам. Мен мага каршы жасалып жаткан бул башаламандыктарга каршымын жана колумду кескилеп жатам!”, – деп жазган.

Израил Газанын Египет менен чектеш тилкесин өз көзөмөлүнө алганын жарыялады

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Египет менен чектеш тилкесиндеги Филадельфия коридору деген аталыш менен белгилүү болгон 14 чакырымдык буфердик зонаны өз көзөмөлүнө алганын 29-майдын кечинде билдирди. Ал жерден ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) согушкерлери колдонуп келген 20 туннель жана 80ден ашуун туннель шахтасы табылганы маалымдалды. ЦАХАЛ билдиргендей ошол жолдор аркылуу Египет тараптан Газага курал-жарак жөнөтүлүп турган.

Кыргыз-казак министрлери Казакстан ижарага алган пансионаттар жөнүндө сүйлөштү

Бишкекте Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын финансы министри Мади Такиев баштаган делегациялардын жолугушуусу болуп өттү. Тараптар анын ичинде Казакстан ижарага алган, Ысык-Көл облусунун аймагындагы курорттук-рекреациялык объекттерди иштетүү жана реконструкциялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыз өкмөтү көл жээгиндеги "КазГу", "Олимп", "Казакстан" жана "Самал" пансионаттарын 2006-жылы 49 жылдык мөөнөткө деп Казакстанга ижарага берген.

Орусия Украинага ракета жана дрон чабуулун улантты, Прагада НАТО жыйыны башталууда

Украинада соңку суткада да Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Харьковдо, облустук аскердик администрация төрагасы Олег Синегубовдун айтымында бейшембиге караган түнү эки жерге ракеталык чабуул жасалды, үйлөр жана башка да социалдык инфраструктура имараттары талкаланып, жети киши жараат алды. Жалпысынан Белгород облусунун аймагынан Харьковго жети ракета учурулганы маалымдалды.

Милиция Бишкекте чет элдиктерди сабоого шектүүлөрдүн баары кармалганын билдирди

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кеңешчиси Бакыт Сеитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 13-18-майга караган түндөрү болгон окуялар боюнча бардык шектүүлөр аныкталып, кармалганын билдирди. “Азаттыкка” берген комментарийинде 11 кылмыш иши козголуп, 75 жабырлануучу такталганын айтты. Жабыр тарткандар Пакистандын жана Бангладештин жарандары. Бардыгы болуп кылмышка шектүү катары Кыргызстандын 21 жараны кармалды. Андан тышкары Египеттин төрт жаранына иш козголуп, үй камагына чыгарылган.

Чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген мыйзам экинчи окууда кабыл алынды

“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар 30-майда талкуулап, көпчүлүк добуш менен жактырышты. Документке жыйынга катышкан 59 депутаттын төртөө каршы болду. Демилгечилер мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартууну көздөй турганын айтып, "жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин" билдиришти.

Ирандык укук коргоочулар Раисини БУУда эскерүү демилгесин айыпташты

Ирандык укук коргоочулар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ушул апта ичинде маркум Эбрахим Раисини эскерүү иш-чарасын өткөрүү демилгесин кескин сындап, «тегерандык касапчы» атыккан кишини эскерүү айыптоого жатарын айтып чыгышты. БУУнун учурдагы Башкы ассамблеясына төрагалык кылып жаткан Деннис Фрэнсис эскерүү иш-чарасы 30-майда өтөрүн, уюмга мүчө өлкөлөрдүн арасынан каалоочулар болсо жыйында сөз берилерин айткан.

Ишкер Тимур Файзиев үй камагына чыкты

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин үй камагындагы мөөнөтү 4-июлга чейин узартылды. Жогорку соттун басма сөз кызматы бейшембиде тараткан расмий маалыматта "буга чейин аны үй камагына бошотуу тууралуу чыгарылган чечим узартылганы" белгиленген. Өтүнүчтү Тергөө тобунун жетекчиси киргизип, аны 29-майда Бишкектин Октябрь райондук соту канааттандырган. Мунун алдында айрым басылмалар Файзиев мамлекетке 3 миллион АКШ долларын төлөп, абактан чыкканын жазган.

Пакистандан келген делегация Бишкектеги соңку окуяны иликтөө жөнүндө маалымат алды

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кошумча катчы Мухаммад Салим баштаган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Жолугушууда Пакистан тарапка Бишкектеги чет өлкөлүк жарандардын катышуусундагы окуя жана аны иликтөө иштери тууралуу кеңири маалымат берилди.

Президент Жапаров жумушчу күчү жетпей, цехтерде иш токтой баштаганын айтты

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканы тууралуу Фейсбукка жазып, акыркы эки жылдан бери активдүү иштей баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши жумушчу күчү жетишпегендиктен токтой баштаганын белгиледи. Мамлекет башчысы иш таппай жүргөндөрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууга чакырып, айлык акы 20-30 миң сом экенин, иштин көлөмүнө жараша андан көп болорун айтты.

Бир жылда Орусиядан 13 миңден ашуун кыргызстандык депортация болду

2023-жылы 13025 кыргызстандык жана 2024-жылдын төрт айында 282 кыргызстандык Орусиядан өз мекенине депортация болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Азаттыктын” суроо-талабына жооп берген катында маалымдады. ТИМ апрелдеги маалыматында чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөнүн билдирген. Бул сан 2022-жылы 837 миңдей деп белгиленген.

Кыргызстанда беш жылда 100 миңден ашык адамга пробациялык жаза чегерилди

“Пробация жөнүндө” мыйзам күчүнө кирген беш жарым жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 105 556 адам адамга пробациялык жаза чегерилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директорунун орун басары Данияр Молдокул уулу билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы 15 305, 2020-жылы 17 797, 2021-жылы 19 726, 2022-жылы 24 920, 2023-жылы 22 329 адамга жазанын аталган түрү колдонулган. 2024-жылдын башынан бери 5479 киши ушул форма менен жазасын өтөп жатат.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

XS
SM
MD
LG