Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Муртазалиев БШКнын чечимине каршы сотко даттанды


Абдурахманхажи Муртазалиев.
Абдурахманхажи Муртазалиев.

Свердлов шайлоо округу боюнча мурдагы талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) №29 Свердлов округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо боюнча чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" маалымдап, Боршайкомдун 15-майдагы чечимин мыйзамсыз деп билдирди.

Муртазалиев доо арызында "БШК Бишкек административдик сотунун Муртазалиевди Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таануу тууралуу "күчүнө кирген чечимин аткарбай жатат" деп көрсөткөн.

Президент Садыр Жапаров 16-майда №29 Свердлов округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындаган. Мунун алдында 15-майда Боршайком жыйында шайлоо дайындоо боюнча президентке сунуш жолдогон.

Муртазалиев БШКнын мындай сунушун айыптап, өзүнө мандат берүүгө милдеттендирген Бишкек шаардык административдик сотунун аткаруу барагын 17-майда колуна алганын билдирген.

Боршайком өз кезегинде Бишкек шаардык административдик сотунун күчүнө кирген чечимине каршы сотко даттанарын 21-майда маалымдаган.

БШК 7-майда бул округдан шайланып депутат болгон Шайлообек Атазовду Жогорку Соттун чечиминин негизинде мандатынан ажыраткан. Абдурахманхажи Муртазалиев депутаттык мандат ага берилбегени үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылган.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов Муртазалиевди депутат кылып бекитүү боюнча соттун баштапкы инстанцияларында сөз болгонун, бирок Жогорку Соттун чечиминде ал талап колдоо таппаганын айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG