Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

АКШ: Трамп документтерди фальсификациялоо иши боюнча күнөөлүү деп табылды


АКШ президенти Дональд Трамп сотто.
АКШ президенти Дональд Трамп сотто.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты Нью-Йорктогу сот арачылары документтерди фальсификациялоо иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Трамп Кошмо Штаттардын тарыхында кылмыш үчүн айыпталган алгачкы президент болуп калды.

Американын 45-президентине бул иш боюнча айып былтыр март айында тагылган. Прокурорлор белгилегендей, Трамп порнографиялык жылдызга акча берип, экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик катнаш тууралуу иштин жигин билгизбей жабууну көздөгөн. Акчаны ал шайлоо кампаниясынан мыйзамсыз бөлгөн.

Сот арачылары эки күндүк талкуудан кийин Трамп иштин бардык 34 пункту боюнча күнөөлүү экенин бир ооздон таанышты.

Эми ишке төрагалык кылган судья Хуан Мерчан өкүм чыгарышы керек. Бул үчүн өзүнчө сот жараяны белгиленет. Иш кагаздарды фальсификациялоо үчүн максималдуу жаза төрт жылга эркинен ажыратуу каралган. Бирок Нью-Йорк штатында мурда соттолбогондорду реалдуу мөөнөткө кескен учурлар сейрек кездешет. Андыктан Трамп шарттуу кесилип, коомдук иштерге тартылышы мүмкүн.

Сот кандай өкүм чыгарса да Трампка президенттик шайлоого аттанууга тоскоолдук жаратпайт. Алтургай ноябрдагы шайлоодо Жо Байденди утуп чыкса да жогорку кызматка барууга бөгөт коё албайт.

Бул Трампка каршы козголгон төрт иштин алгачкысы. Ал быйыл күзүндө өтчү президенттик шайлоого аттанган республикачылардын башкы үмүткөрү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG