Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

31-май: Журналист Капаровдун иши, экс-президент Трамптын соту, жылуулуктун, ысык суунун тарифи


Сторми Дэниелс жана Дональд Трамп
Сторми Дэниелс жана Дональд Трамп

31-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандын бийлигин Актилек Капаровду бошотууга чакырды

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму (Reporters Without Borders – RSF) Кыргызстандын бийлигин беш айдан бери камакта жаткан журналист Актилек Капаровду жана аны менен чогуу кармалган Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду жана Махабат Тажибек кызын бошотууга чакырды. Уюм өзүнүн кайрылуусун Х социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады.

Жылуулуктун жана ысык суунун тарифи дагы көтөрүлдү

1-июндан тартып жылуулукка жана ысык сууга тарифти көтөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин сайтында кабарланды. Соңку бир жылдан бери жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн баа калкка 1248 сомдон болчу. Жаңы чечимге ылайык, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 гигакалория (Гкал) үчүн 1 560 сомдон төлөйт. Батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт. Ысык суунун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн калк буга чейин 1120 сомдон төлөп келсе июндан баштап 1560 сомдон төлөйт. Калган категориядагы керектөөчүлөрдүн баары ысык суунун өздүк наркы менен акысын бериши керек.

БШК Муртазалиев боюнча соттун чечимине каршы сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек административдик сотунун талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевди №29 Свердлов шайлоо округунан шайланган талапкер деп таануу тууралуу чечимин жана аткаруу актысын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. 30-майда Муртазалиев БШКнын бул округда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо боюнча чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек административдик сотуна кайрылган. Ал Боршайкомдун 15-майдагы чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бөлүнгөн каражатты кымырып алган аткаминерлер кармалды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т., аталган дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Алар 2022-жылы Түркияда өткөрүлгөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келген спортчулардын күнүмдүк тамак ашына, байге фондуна жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн мамлекеттен бөлүнгөн өзгөчө ири суммадагы акчаны кымырып алышканы такталган.

АКШ жана Германия Украинага Орусия аймагына сокку урууга уруксат берди

АКШ президенти Жо Байден Украина бийлигине америкалык курал менен Орусиянын аймагына сокку урууга жарым-жартылай уруксат бергенин бир нече маалымат булагына таянып Politico жазды, ушул эле маалыматты CNN да тастыктады. Тактап айтканда, уруксат Харьков облусуна жакын жайгашкан гана орусиялык аймактарга атууга берилгени маалымдалды. Германия да Украинага берип жаткан курал-жарагын Орусиянын аймагындагы объектилерге сокку урууга тыюу салган чектөөсүн алып салганы белгилүү болду.

Израил Рафахта жалпысынан 300дөй согушкер жок кылынганын билдирди

Израил Газанын Рафах аймагында ХАМАСка (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) каршы ушул айда башталган операциясы алкагында жалпысынан 300дөй согушкерди жок кылганын Израил өкмөтүнүн расмий өкүлү Дэвид Менсер билдирди. Анын айтымында, бейшембиде израилдик армиянын эки аскери да набыт кетти. Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан качып, тилкенин улам бир аймагына барууга мажбур болууда.

АКШ: Трамп документтерди фальсификациялоо иши боюнча күнөөлүү деп табылды

Нью-Йорктогу сот арачылары экс-президент Дональд Трампты документтерди фальсификациялоо иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал АКШнын тарыхында кылмыш үчүн айыпталган алгачкы президент болуп калды. Американын 45-президентине бул иш боюнча айып былтыр март айында тагылган. Прокурорлор белгилегендей, Трамп порнографиялык жылдызга акча берип, экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик катнаш тууралуу иштин жигин билгизбей жабууну көздөгөн. Акчаны ал шайлоо кампаниясынан мыйзамсыз бөлгөн.

Харьковго жасалган ракеталык чабуулдан дагы беш киши каза болду

Украинанын Харьков аймагы 31-майга караган түнү да Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылып, кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу облустук аскердик администрация башчысы Олег Синегубов билдирди жана издөө-куткаруу иштери уланып жатканын айтты. Украинага 2022-жылдын 24-февралында толук масштабдуу согуш ачкан Орусия соңку кезде көбүрөөк Харьков облусун бутага алууда.

Татарстанда сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Курмашеванын абак мөөнөтүн дагы узартты

Жети айдан ашуун камакта отурган журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеванын камак мөөнөтү дагы эки айга узартылды. 31-майда Казан шаарынын Совет райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аны 5-августка чейин абакта кармоо чечимин жарыялады.

Казакстандагы жер титирөө Бишкекте да сезилди

Сейсмология институтунун баштапкы маалыматына ылайык, саат 11:13тө Казакстандын аймагында күчү очогунда 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Бишкек шаарында силкинүүнүн күчү 3,5 баллга чейин сезилди.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG