Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Зеленский: Тынчтык саммитине 106 өлкө катышарын ырастады


Украинанын президенти Владимир Зеленский Сингапурдагы Шангри-Ла диалогунда сүйлөп жатат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Сингапурдагы Шангри-Ла диалогунда сүйлөп жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук маселелерине арналган "Шангри-Ла диалогу" форумунда 100дөн ашык өлкө Швейцарияда өтө турган тынчтык жолугушуусуна катышууга убада бергенин айтты.

«Адилеттүү дүйнөнү орнотуу процессин баштоо биз үчүн абдан маанилүү. Орусия согушту токтоткусу келбейт. Ошондуктан биз тынчтыкка жетүү үчүнбүткүл дүйнө менен биргелешип аракеттенишибиз керек», - деди Зеленский.

Зеленский менен Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Сингапурда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен жолукту. Бул АКШ Киевге америкалык курал менен Орусияга, тактап айтканда Харьков облусуна жакын жайгашкан аймагына сокку урууга уруксат бергенден кийинки жолугушуу болуп калды.

Зеленский буга чейин Кошмо Штаттардын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын тышкы саясат боюнча комитетинин башчысы Майкл Маккол жетектеген делегация менен жолугушкан.

Украина президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Зеленский жолугушуунун катышуучуларына соңку кырдаал, Украинага курал-жарак жеткирүү жана санкциялык демилгелер тууралуу маалымат берди.

"Шангри-Ла диалогу" - Сингапурдагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту (IISS) көз карандысыз аналитикалык борбору жыл сайын өткөрүүчү өкмөттөр аралык форум. Уюштуруучулардын айтымында, жекшемби күнү Зеленский “Глобалдык тынчтык жана аймактык стабилдүүлүк үчүн чечимдерди кайра карап чыгуу” аттуу талкууга катышат.

Форумга АКШ жана Кытай баш болгон аймактагы 30га жакын мамлекеттен жогорку даражалуу өкүлдөр катышууда. Орусия "Шангри-Ла диалогуна" 2022-жылдан бери Украинага бастырып киргенден бери бара элек. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG