Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Зеленский менен Пентагондун башчысы коопсуздук келишимин даярдоону талкуулады


Ллойд Остин менен Владимир Зеленский Сингапурдагы жолугушууда, 2-июнь, 2024-жыл
Ллойд Остин менен Владимир Зеленский Сингапурдагы жолугушууда, 2-июнь, 2024-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Сингапурда өтүп жаткан “Шангри-Ла диалогу” Азия коопсуздук саммитинин алкагында жолугушту. "Свобода" радиосу Зеленский Пентагондун башчысы менен Киевдин коргонуу муктаждыктарын, Украинанын абадан коргонуусун чыңдоо, F-16 согуштук учактарын жеткирүү, ошондой эле эки тараптуу коопсуздук келишимин даярдоо маселелерин талкуулаганын жазды.

Украина лидери АКШ президенти Жо Байденге Орусиядагы буталарга чабуул коюуга уруксат бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

30-майда АКШнын маалымат каражаттары өз булактарына таянып, президент Жо Байден америкалык курал менен Харьков шаарын коргоо максатында Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бергенин жазышкан.

"Шангри-Ла диалогу" - Сингапурдагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту (IISS) көз карандысыз аналитикалык борбору жыл сайын өткөрүүчү өкмөттөр аралык форум. Уюштуруучулардын айтымында, жекшемби күнү Зеленский “Глобалдык тынчтык жана аймактык стабилдүүлүк үчүн чечимдерди кайра карап чыгуу” аттуу талкууга катышат.

Форумга АКШ жана Кытай баш болгон аймактагы 30га жакын мамлекеттен жогорку даражалуу өкүлдөр катышууда. Орусия "Шангри-Ла диалогуна" 2022-жылдан бери Украинага бастырып киргенден бери бара элек. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG