Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Административдик-аймактык реформа мыйзамы күчүнө кирсе, жергиликтүү кеңештер тарайт


Ош облусундагы айылдык кеңештердин бириндеги шайлоо. 9-апрель, 2023-жыл.
Ош облусундагы айылдык кеңештердин бириндеги шайлоо. 9-апрель, 2023-жыл.

"Административдик-аймактык реформа боюнча Кыргызстандын айрым мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам кол коюлуп күчүнө кирсе, жергиликтуү кеңештер тарап, жаңы шайлоо дайындалат. Бул маалыматты экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 3-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Ооба, күзүндө тарайт. Кыргызстан боюнча бардык жергиликтүү кеңештерде шайлоо болот".

Депутат Балбак Түлөбаев Бишкектин жана Ош шаарынын административдик территориясы кеңейген соң, депутаттардын санын да көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Министр тескерисинче депутаттардын саны кыскарып жатканын айтып, бул ирилештирүүнүн талабы деп билдирди. Данияр Амангелдиевдин маалыматына караганда, Бишкек, Ош шаарларында депутаттардын саны 45тен көп болбойт.

"Бишкек шаарынын мыйзамында 45 депутат деп жазылып турат. Ош шаарынын макамы тууралуу мыйзамда да ошондой деп жазылган".

Депутат Балбак Түлөбаев мындан жер-жерлердеги көйгөйлөр чечилбей, тескерисинче көбөйө берерин эскертти.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн.

Реформанын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейди. Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулду.

Мындан сырткары Ош шаарын айланта курчаган бир нече айыл да экинчи борбор калаага кошулган.

Ирилешип жаткан айыл аймактарда жана шаарларга кошулуп жаткан айылдарда жайыт, үлүш жана башка жерлерине байланыштуу нааразылыктар болуп жатканы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG