Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Орусияда ири соода түйүндөрүнүн бири хакердик чабуулга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда ири соода түйүндөрүнүн бири – «Верный» хакердик чабуулга кабылып, үч күндөн бери төлөмгө банк карталарын кабыл албай жатканын бүгүн 3-июнда "Коммерсантъ" басылмасы жазды. Ретейлердин сайты жана тиркемеси да иштебей жатат.

Чабуулдун айынан системанын иши үзгүлтүккө учурап, азыр аны кайра калыбына келтирүү уракети көрүлүп жатканы маалымдалды.

X5 Group компаниясынын курамындагы бул ретейлердин Орусия аймагында 5 миңдей дүкөнү бар. Эксперттер азыркыдай абал түзүлгөн ар бир күндүн чыгымын 120 миллион рубль деп баалап жатышат.

Жакында СДЭК жеткирүү кызматы да хакердик чабуулга кабылган. Бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө украиначыл "Хэд Марэ" хакердик тобу алган.

"Хэд Марэ" ошондой эле Орусиянын бир нече компаниясынын, анын ичинде коргоо тармагындагы ири ишканалардын бири болгон "Калашников" концернинин, анын өзөктүк объектилерин тейлөөчү "Промгидромеханизация" ишканасынын документтерин жарыялаган.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февраль айынан бери хакердик топтор эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, компанияларынын жана бизнес структураларынын сайттарына Киевге же Москвага колдоосун билдирип, чабуулдарын коюп келе жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG