Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Днепрде Орусиянын ракета чабуулунан жараат алгандар арасында бир айлык ымыркай бар экени кабарланды


Украина.
Украина.

Украинада Орусиянын ракеталык чабуулдарынан бир нече киши жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Днепропетров облусунун мамлекеттик администрация төрагасы Сергей Лысактын айтымында, 4-июнда таң эрте өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Днепр шаары бутага алынды.

Анын билдиришинче, абадан коргонуу системалары эки ракетаны атып түшүрүүгө үлгүрүштү, бирок алардын жерге түшкөн сыныктарынан өрт чыгып, жай тургундар жабыркады.

"Ошол жерде жашаган кишилер жараат алды, арасында балдар бар. Бир айлык ымыркайдын абалы туруктуу. 17 жаштагы бала орточо абалда ооруканага жаткырылды", - деди Лысак.

Ал тапта Чехиянын борбору Прагада украиналык ыктыярчыларга кол салууга шектелип орус тилдүү төрт киши кармалды. Чех полициясы алар 1-июнда кармалганын маалымдады.

"Криминалисттер бир катар кылмыштарга байланыштуу шек боюнча иш козгошту. Жаңы фактылар чыгып жаткандыктан иш кайрадан классификацияланышы мүмкүн", – деп айтылды чех полициясынын 3-июндагы билдирүүсүндө.

Окуянын интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган видеосуна комментарий жазгандар Орусиянын агрессиясынан жапа чегип келаткан Украинага жардам чогултуп жаткан украиналык активисттерге орусиялыктар кол салганын жазышты. Активист кыздардын бири колу кан болгон сүрөт жарыялады. (RK)

XS
SM
MD
LG