Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Жогорку Кеңеш башкы прокурор кызматына Асаналиевдин талапкерлигин жактырды


Максат Асаналиев.
Максат Асаналиев.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды. Жыйынга катышкан 69 депутаттын баары ага "макул" деп добуш берди. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Асаналиев депутаттарга ыраазычылык билдирип, парламент менен чогуу иш алып бара турганын белгиледи.

"Эң негизги баалуулук болгон адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишти алдыга жылдырабыз", - деди Асаналиев.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы отумурунда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоду. Ал башкы прокурор кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG