Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Кононенко космосто миң күн өткөргөн дүйнөдөгү алгачкы киши болуп калды


Олег Кононенко
Олег Кононенко

Орусиялык Олег Кононенко космосто миң күн өткөргөн дүйнөдөгү алгачкы киши болуп калды. Бул тууралуу “Роскосмос” агенттиги шаршембиде билдирди. 59 жаштагы космонавт ааламда былтыркы 15-сентябрдан бери жүрөт. Бул анын Эл аралык космос станциясына 5-экспедициясы.

“Роскосмос” Кононенко сентябрда жерге кайтып келгенде космосто жалпысынан 1110 сутка өткөргөн болорун кошумчалады.

Орусиялык космонавт аны рекорд менен америкалык кесиптештери биринчи болуп куттуктаганын ТАСС агенттигине айтып берди.

Космосто өткөргөн убакыт жагынан Кононенкодон кийинки сапта дагы бир орусиялык космонавт Геннадий Падалка турат. Ондукта бир аял да бар – америкалык Пегги Уитсон.

Москва Украинага кол салгандан бери АКШ менен Орусия ортосундагы кызматташтык көп чөйрөдө үзгүлтүккө учураган. Эл аралык космос станциясы тараптар кызматташууну уланткан сейрек тармактардын бири.

“Роскосмос” декабрда станцияга астронавттарды ташуу боюнча НАСА менен программасы 2025-жылга чейин узартылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG