Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Чехияда поезд кырсыгынан каза болгондордун экөө украиналык экени аныкталды


Окуя болдон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болдон жерден тартылган сүрөт.

Чехияда поезд кырсыгынан каза болгон төрт кишинин экөө украиналык экенин бүгүн 6-июнда Украинанын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жараат алгандар арасында украин жарандары бар же жогу айтыла элек.

5-июндун кечинде Чехиянын Пардубице шаарынын аймагында жүргүнчү ташыган, анын ичинде Украинага бараткан вагондор чиркелген экспресс поезд жүк ташуучу поезд менен кагылышып, кеминде төрт киши каза болду, алардын экөө украиналык аялдар экени аныкталды.

Жараат алган 30 жүргүнчүнүн үчөөнүн абалы оор болуп жатканы айтылды.

Баштапкы маалыматка караганда, RegioJet компаниясынын экспресси кальций карбидин ташып бараткан жүк ташуучу поезд менен кагылышкан.

Словакиянын Кошице шаарына бараткан жүргүнчү ташыган поездде 380дей киши бараткан, айрыкча биринчи вагон көбүрөөк талкаланды. Поездге Украинага – Закарпатье облусунун Чоп чек ара станциясына бараткан бир нече вагон чиркелген.

Кылмыш иши «кокустуктан улам адам өмүрүнө коркунуч жаралган кырдаал» деген негизде козголду.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок бейрасмий маалыматка караганда, жүргүнчү поезддин машинисти тыюу салынган белгиден өтүп кеткен. RegioJet компаниясынын башчысы Радим Янчура кырсык эки поезддин тең машинисттери семафордогу жашыл белги боюнча жол ачык экенине ишенип айдап баратышканда болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG