Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Кемероводо трамвай кагышуусунан 140тан көп киши жабыркады


Кемероводогу трамвайлар кагышкан жер. 6-июнь, 2024-жыл
Кемероводогу трамвайлар кагышкан жер. 6-июнь, 2024-жыл

Кемероводо эки трамвайдын кагышуусунан соңку маалыматтарга караганда 140тан ашуун киши жабыркады. Алардын ону бала. Бирөө каза болуп, төрт кишинин абалы оор экенин Орусиянын саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов билдирди.

6-июндун таңында болгон кырсыкка трамвайлардын биринин системаларынын туура эмес иштеши себеп болгону алдын ала кабарланды. Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, “Кемерово электротранспорттук компаниясынын” башчысы жана кызматкери камалганы маалым болду. Тергөөнүн версиясына караганда алар трамвай бузук экенин билип туруп каттамга чыгарышкан.

Кемерово шаарынын мэри Дмитрий Анисимовдун пикиринде калаадагы трамвайлар 40 жыл мурда чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG