Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Абактагы төрт журналисттин камак мөөнөтү узартылды


Махабат Тажибек кызы менен Айке Бейшекеева Ленин райондук сотунда. 7-июнь, 2024-жыл.
Махабат Тажибек кызы менен Айке Бейшекеева Ленин райондук сотунда. 7-июнь, 2024-жыл.

16-январда кармалып, камакка алынган 11 журналисттин учурда тергөө абагында отурган төртөө: “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камак мөөнөтү 8-августка чейин узартылды.

Бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган жок. Мындай чечим 7-июнда Ленин райондук сотунда алдын ала угуу отурумунда кабыл алынганын адвокат Улан Сейитбеков "Азаттыкка" билдирди.

Ленин райондук сотунун дагы бир чечими менен “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасы үй камагынан тилкаттын негизинде Кыргызстандан сыртка чыкпоо чечимине өзгөртүлдү. Бул тууралуу анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков маалымдады.

Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды. Анда кылмыш ишин кыскартуу, шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү, далилдерди алдыртуу жана четтетүү тууралуу маселелер каралды. Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылууда. Отурум жабык өттү.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Кийин жети киши ар кандай себептер менен эркиндикке чыккан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Журналисттер айыптоону четке кагып, бул алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып келет.

Иш мурда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берилип, 10-майда иш Ленин райондук сотуна жиберилген. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун “токтом даттанууга жатпайт” деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.(SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG