Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд метр кубдан ашты


Токтогул плотинасы.
Токтогул плотинасы.

8-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10, 035 млрд метр кубду түздү. Бул бир ай мурдагы көрсөткүчтөн 2,2 млрд метр кубга көп.

"Электр станциялары" ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 765 метр куб суу агып кирсе, 425 метр куб суу агып чыгууда.

Былтыр ушул күнү суунун көрсөткүчү 8,7 млрд метр куб болгон.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят.

Электр энергиясынын баасы былтыр 1-июнда көтөрүлгөн. Өкмөт тариф жыл сайын инфляциянын ченемине жараша өсүп турарын билдирген. Ага ылайык, быйыл 1-майдан тарта баалар дагы кымбаттап, айына 700 киловатт/саатка чейин электр жарыгын керектегендер жана бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар үчүн 11 тыйынга, андан көп жаккандарга 23 тыйынга өстү. Электр кубатын чектөөсүз пайдалангандарга бир киловатт/саат электр энергиясы 35 тыйынга кымбаттады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG