Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Болгарияда өткөн шайлоодо экс-премьер Борисовдун блогу алдыга чыкты


Бойко Борисов. 2024-жылдын 9-июну.
Бойко Борисов. 2024-жылдын 9-июну.

Болгарияда 9-июнда өткөн парламенттик шайлоодо, баштапкы эсептөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүп жаткандай, мурдагы премьер-министр Бойко Борисов баштаган оңчул-борборчул партиялардын GERB-SDS ("Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн" партиясы жана Демократиялык күчтөр союзу) батышчыл коалициясы алдыга чыкты.

Бул күнү Болгарияда Европарламентке да шайлоо өттү.

Шайлоочулардын катышуусу өтө төмөн болуп, 32 гана процентти түздү.

Өкмөт башчылыктан быйыл март айында оппозициянын коррупция тууралуу айыптоолорунан кийин кеткен Борисовдун блогу добуштардын болжол менен 23,65 процентин алды.

Экинчи орунда 15,89 процент менен адатта Болгариядагы этникалык түрктөр жана мусулмандар колдогон "Болгариялык мусулмандардын укугу жана эркиндиги үчүн" кыймылы келе жатат. Бул шайлоого аталган бирикмени коррупцияга шектелип, АКШнын жана Улуу Британиянын санкцияларына кабылган, болгар улутундагы миллиардер Делян Пеевски баштап катышты.

Борисовдун блогу жана Пеевскинин кыймылы биригип, парламенттеги 121 мандаттын көпчүлүгүн ээлеп, өкмөт куроо укугун алышы үчүн аларга кеминде сегиз добушу бар дагы бир топ кошулушу зарыл.

Парламенттин жаңы курамынын негизинде өкмөт куроо боюнча дээрлик бир жыл уланган аракеттен майнап чыкпагандыктан Болгария мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрдү. Өкмөт куроо укугун үчүнчү (акыркы) жолу алган “Ушундай эл бар” партиясы бул күнү мандатын кайра президент Румен Радевге кайтарып берген. “Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн” партиясы жана анын коалициядагы мурдагы өнөктөшү, батышчыл “Өзгөрүүлөрдүн уланышы үчүн/Демократиялык Болгария” партиясы өкмөт курай албай турганын билдиришкен.

Болгариянын парламенти – Элдик жыйындын жаңы курамы былтыр 12-апрелде шайланган. Ошондон бери өкмөт куроо боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерден жыйынтык болбой жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG