Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Малавиде вице-президент учак кырсыгында каза болду


Саулос Чилима.
Саулос Чилима.

Малави өлкөсүндө вице-президент Саулос Чилима бараткан учак кырсыкка кабылып, ичиндеги он адамдын баары набыт болду. Бул тууралуу бүгүн 11-июнда элине жасаган телекайрылуусунда Түштүк-Чыгыш Африка аймагында жайгашкан бул мамлекеттин президенти Лазарус Чаквера билдирди.

Учак дүйшөмбү 10-июнда борбор калаа Лилонгведен учуп чыккандан көп өтпөй байланышка чыкпай калган. Вице-президент баштаган расмий делегация өлкө түндүгүндөгү Мзузу шаарына бараткан, ал жакта аба ырайы начар болуп, туман каптап жаткан.

51 жаштагы Чилима вице-президенттик кызматты 2014-жылдан бери ээлеп келди, ал мурдагы министрлердин биринин зыйнатына бараткан.

17 миллион калкы бар Малави мурда Улуу Британиянын колониясы болчу. Эгемендикке 1964-жылы ээ болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) классификациясы боюнча, аз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет.

Өткөн айда авиакырсыкта Ирандын президенти Эбархим Раиси каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG