Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн күрөш боюнча Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинде Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта жеңишке жетишип, алтын медаль тагынды.
Бул тууралуу Күрөш федерациясы маалымдады.
Айсулуу өзүнүн атаандаштарын - Польша жана Канаданын балбандарын мөөнөтүнө жеткирбей утуп, финалда Германиянын балбан кызын жыгып койду.
Дагы бир кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбекова 59 кг салмакта польшалык эки балбанды утуп, бирок финалда немис кызга утулуп калды.
Буга чейин аталган мелдеште Кыргызстандын балбандары үч алтын, бир күмүш жана бир коло байге алышкан. 19-июнда грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта Акжол Махмудов алтын, 97 кг Үзүр Жусупбеков коло медал алды. 20-июнда 60 кг салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 67 кг салмакта Амантур Исмаилов алтын медал тагынышты. 67 кг салмакта кыргызстандык эки балбан - Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев финалга чыгып, Бейшекеев биринчи орунду жердеши Исмаиловго күрөшпөй эле берди.
Бул кыргызстандык балбандардын быйыл өтө турган Париж олимпиадасынын алдындагы акыркы эл аралык медеши болуп калды.
Ушул тапта Кыргызстанда Париж олимпиадасына 15 жолдомо бар.
Олимпиадага катышууга кыргызстандык балбандар - Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов жолдомо утуп алса, марафондук жарыштан теги якутиялык, былтыртан бери Кыргызстандын атынан чыгып келе жаткан орусиялык жеңил атлет Сардана Трофимовага Эл аралык жеңил атлетика федерциясы олимпиадалык квота берген.
Дзюдочу Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу Париж олимпиадасына лицензия алган. Кыргызcтандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулунда да жолдомо бар.(ZKo)