Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

ЖК улуттук банктын төрагасы Бөкөнтаевдин кызматтан кетүү арызын колдоду

Кубанычбек Бөкөнтаев.
Кубанычбек Бөкөнтаев.

Жогорку Кеңеш 26-июндагы отурумунда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевди башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоду.

Ал бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындала турганы айтылууда. Бул маалыматты “Азаттыкка” Министрлер кабинетиндеги булактар ырастады.

Кубанычбек Бөкөнтаев 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист кызматынан баштаган. 1998-2002-жылдары коммерциялык банктарда иштесе, андан кийин “Кыргызстандын банк кабарчысы”, “Банкир”, “Экономика. Банктар. Бизнес” аттуу гезит-журналдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Ортодо “Сорос-Кыргызстан” фондунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында (ПРООН), Кредиттик союздарды өнүктүрүү боюнча финансылык компанияда (ФКПРКС) иштеп турган.

Ал 2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2010-жылы Апрель окуясы учурунда Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндө билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган.

Башкы прокуратура ошол кезде Улуттук банктын жетекчилигин “АзияУниверсалБанктын” ячейкаларынан 3 млрд сом жоголгону үчүн айыптаган. Кубанычбек Бөкөнтаев бул айыптоолорду четке кагып, Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт өзү коротуп салган акчаны мойнуна илип, кылмыш ишин козгогонун айткан. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG