Ош облусунун Ноокат районунда 28-июндун кечинде жүргөн селден кийин эки кишинин дайыны табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта айтылды жана беш киши каза тапканы кабарланды.
Мекеме билдиргендей, "Жети адамды сел агызып кетип, алардын бешөөнүн сөөгү табылды, эки адамды издөө иштери уланууда".
Кырсык 28-июнда болжол менен саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында болгон. Нөшөр жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына суу толгон. Натыйжада сел кеминде эки көпүрөнү, 10 электр мамычасын агызып, 10 үйдүн короосуна кирген.
Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жаан Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо.
28-июнда Ноокат районунда сел жүргөнү, катуу сел Ош-Ноокат жолундагы көпүрөлөрдүн бирин алып кеткени тууралуу маалымат, видеолор социалдык түйүндөргө жарыяланууда.
24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган. (DSh)