Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

12-июлдун аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 11-17 июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

12-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 33…35° болот.

 

XS
SM
MD
LG