Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Ош-Раззаков жолунда каттам жанданды

Ош-Баткен-Раззаков жолунун 63-чакырымында автоунаалар үчүн каттам жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникаця министрлиги кабарлады.

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылында 18-июлда саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кыян жүрүп, селге айланган. Суу убактылуу орнотулган бетон түтүктөрүн агызып кеткен. Абшыр-Сай дарыясына бетон түтүктөр кайра орнотулуп, автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматы 18-22-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу чукул билдирүү таратып, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, автоунаа жолдордо таш кулашы мүмкүн экенин эскерткен. (КЕ)

​
XS
SM
MD
LG