Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:58

Тазабек Икраимов мандатын өз каалоосу менен тапшырганын жазды

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тазабек Икрамов мандатты тапшыруу жеке чечими болгонун билдирди.

Бул тууралуу ал 20-июлда Фейсбук баракчасына жазды. Ал шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, мандатты тапшыруу "жеке чечими болгонун, өз каалоосу менен депутаттык ишмердүүлүгүн токтотуп" жатканын белгилеген. Экс-депутат эл үчүн кызмат кылууну улантарын айтып, мындай кадамга баруусунун себептерин түшүндүргөн эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыраткан.

17-июлда ал атайын кызматка суракка чакырылганын айрым басылмалар жазып чыккан.

“Азаттыктын” булагы Икрамов бир нече жолу суракка барганын ырастады. Бирок кайсы ишке байланыштуу чакыртылганы азырынча белгисиз.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген. Парламентте “Элдик” депутаттык тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин мүчөсү болгон.

Ал буга чейин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ал учурдагы бийликти сындаган саналуу эл өкүлдөрүнүн бири катары таанылган.

Оппозиция өкүлдөрүнүн жана журналисттердин камалышы, сөз эркиндиги жөнүндө маселелерди көтөрүп, бийликтин айрым иштерин сындачу. (КЕ)

​
XS
SM
MD
LG