Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Мурманск облусунун губернатору дрон чабуулу болгонун маалымдады

Мурманск, Орусия. Архив
Мурманск, Орусия. Архив

Орусиянын Мурманск облусунун губернатору Андрей Чибис “душмандын дрондору” тууралуу маалымдап, жергиликтүү тургундарга “этият болууну” эскертти. Телеграм-каналындагы маалыматта жетекчи “убактылуу чектөөлөрдү” тушүнүү менен кабыл алууга, “жердеги жана абадагы” шектүү буюмдар тууралуу полицияга кабарлап турууга үндөдү.

Baza Телеграм-каналы жазганына караганда, облуста учкучсуз учактардын сокку уруу коркунучунан улам атайын план ишке киргизилди. Маалымат боюнча, үч дрон Орусиянын Түндүк флотунун деңиз-аскердик базасы орун алган Североморск шаарында байкалган. Андан кийин Кола жарым аралында учууларга чектөө киргизилди.

Августтун аягында губернатор Чибис “дрон коркунучу” аныкталганын билдирип, бирок анын чоо-жайын айткан эмес. Ал күнү да бир нече аэропорт жабылган.

Июлдун этегинде Украинанын чалгындоо кызматы алардын дрондору бомба ташыган Ту-22М3 учактары жайгашкан Оленья аэродромуна сокку урганын билдирген. Ал учактар Украинаны бомбалоо үчүн колдонулат. Москва сокку тууралуу маалыматты бышыктаган эмес.

Аэродром украин армиясы сокку урган эң алыскы жер болуп калды.

​
XS
SM
MD
LG