Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

"Манас" аэропорту Нарын аба майданы сапатсыз оңдолгонун четке какты

Нарын аэропорту.
Нарын аэропорту.

"Манас" эл аралык аэропорту Нарын аба майданынын учуп-конуу тилкеси тууралуу түшүндүрмө берди. Анда бул аэропорт сапатсыз оңдолгону тууралуу социалдык тармактардагы билдирүүлөрдү четке кагып, эски видеолор жарыяланып жатканын билдирди.

"Социалдык тармакка чыккан видео 2023-жылы тартылган, ал кезде асфальт төшөөнүн биринчи этабы эле, иш бүтө элек болчу. Жетекчилик тез арада акт түзүп, бардык мыйзам бузуулар эске алынган. Учурда Нарын аэропортунун учуп-конуу тилкеси бардык стандарттарга, талаптарга ылайык оңдолууда. Ишти аэропорттун жетекчилиги жана авиациялык инспекциянын адистери катуу көзөмөлдөп турат", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарга Нарын аба майданынын учуп-конуу тилкесине асфальт сапатсыз төшөлгөнү тууралуу видеолор жарыяланган.

Өткөн айда "Асман аба жолдору" мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттарга, анын ичинде Талас, Нарын жана Караколго ички каттамдар ачыларын билдирген. Компания үч учак сатып алганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG