Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Ушул аптага пландалган "Рамштайн" жыйыны өтпөй турганы белгилүү болду

"Рамштайн" саммити. Архивдик сүрөт.
"Рамштайн" саммити. Архивдик сүрөт.

Украинанын Орусиянын агрессиясына каршы согушуна курал-жарак жагынан жардам берип жаткан донор өлкөлөрдүн “Рамштайн” форматындагы ушул апта соңуна пландалып жаткан кезектеги жогорку саммити өтпөй турган болду. Бул маалыматты 9-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна кеминде эки булак тастыктап, себеби АКШ президенти Жо Байден Флорида штатына жакындап бара жаткан “Милтон” бороонуна байланыштуу Германияга баруудан баш тартууга мажбур болгонунда экенин билдиришти.

Саммит Байдендин Германияга 10-13-октябрга пландалган сапары учурунда өтмөк.

Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылгандай, Байден жолго 8-октябрда чыкмак, бирок сапарын “Милтон” бороонунун кесепетин алдын алууга даярдык жана өлкөнүн түштүк-чыгышындагы “Хелен” бороонунан кийинки көйгөйлөдү чечүү иштерин көзөмөлдөө үчүн башка убакытка калтырды.

Кечээ 8-октябрда украин тарап да быйыл ноябрда Киевде өткөрүүнү пландап жаткан экинчи "Тынчтык саммити" кийинкиге калтырылганын маалымдаган.

Синоптиктер кооптуулук жагынан эң жогору 5-категория деп сыпатталып жаткан бороон Флорида үчүн акыркы жүз жылдан берки эң катуу табигый кырсык болушу ыктымал экенин эскертип жатышат.

Бороон боюча улуттук борбор 9-октябрда эртең менен “Милтон” Тамп шаарынан түштүк-батыш тарапка жетип калганын, ылдамдыгы саатына 260 чакырым болуп жатканын кабарлады.

Флориданын батыш тарабын эки апта мурда “Хелен” бороону каптаган. Жалпысынан АКШда бул бороондон 230дай кишинин өмүрү кыйылган. (RK)

​
XS
SM
MD
LG