Онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга жардам иретинде Бишкекте "Кан тапшырып, өмүр тартуула" деген аталышта акция өтөт.
Иш-чара 21-ноябрда Бишкектеги Hyatt Regency Bishkek мейманканасында болот.
Ыктыярчылар биримдигинин маалыматына караганда, акция 20-ноябрь - Эл аралык балдар күнүнүн алкагында уюштурулуп жатат.
Акцияны Ыктыярчылар биримдиги, Help the Children кайрымдуулук фонду уюштурууда.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жыл сайын 200дөй баладан рак аныкталат.
2023-жылы мамлекет онкологиялык оорулуу балдарды химиялык дарылоого 100 млн сом берген.
Бир бейтаптын алгачкы дарылоосуна орточо 500 миң сом сарпталат. (ZKo)
Бишкекте "Кан тапшырып, өмүр тартуула" акциясы өтөт
Дагы караңыз
Шерине