Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум дагы жылдырылды

“Кемпир-Абад иши” боюнча айып тагылып, райондук сот актаган саясатчы, активисттер жана алардын адвокаттары.
“Кемпир-Абад иши” боюнча айып тагылып, райондук сот актаган саясатчы, активисттер жана алардын адвокаттары.

22-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараян дагы жылдырылып, кийинки отурум 29-ноябрга белгиленди. Буга ишти карап жаткан судьялардын бири ооруп калганы негиз болду.

Кемпир-Абад иши боюнча сот быйыл 6-августтан бери өтүп жатат. Буга прокуратуранын 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон.

Ага чейин 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган. Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

4-октябрдагы сот жараянында адвокаттар судьялар коллегиясына ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Судья алардын өтүнүчүн канаттандырган эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Кемпир-Абад иши райондук сотко 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон жана сот жараяндары жабык өткөн. Иш шаардык сотто да жабык каралууда. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG