Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Бишкек: Жаңы жылдык балаты орнотулду, аянтты жасалгалоого 1,5 млн сом бөлүнгөн

Жаңы жылдык балаты. Бишкек. 14-декабрь, 2024-жыл.
Жаңы жылдык балаты. Бишкек. 14-декабрь, 2024-жыл.

14-декабрь күнү Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Жаңы жылдык балатыны жандыруу салтанаты өттү. Иш-чарага калаа башчысы Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев катышып, куттуктоо айтышты.

Майрамдын коноктору үчүн көңүл ачуучу программа даярдалып, ырчы-бийчилер өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары балдар үчүн мастер-класстар, анимация жана муз тебүү аянты уюштурулду. Ошондой эле түрдүү тамак-аш жана суусундуктар сунушталган аянтча ачылды.


Жаңы жылдык балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр.

Аянтты Жаңы жыл майрамына карата жасалгалоо үчүн шаар бюджетинен 1,5 млн сом бөлүнгөнү кабарланган. (ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG