Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Антитеррордук борбордун башчысы Баткен облусун жетектейт

Айбек Шаменов.
Айбек Шаменов.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү кызматына Айбек Шаменов дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 24-декабрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Ал буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин антитеррордук борборунун директору болуп иштеп турган.

Бул кызматта 2021-жылдан бери Абдикарим Алимбаев иштеп келген. Ал 24-декабрда кызматтан алынганы белгилүү болду.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG