Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:03

Карим Ага-Хан IV Лиссабондо каза болду

Карим Ага-Хан IV. Архив.
Карим Ага-Хан IV. Архив.

Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Хан IV 4-февралда Португалиянын борбору Лиссабондо 88 жашында дүйнө салды.

Ага Хан IV 1957-жылдан бери Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин коомун жетектеп келаткан. Ал Кыргызстанга бир нече жолу келип кеткен.

Ага Хан фонду Кыргызстанда 2002-жылдан бери ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат.

Нарын облусунда фонддун Борбор Азия университети бар. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG