Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Орусия: Саратовдо мунай ишканасына, Энгельсте аэродромго сокку урулганы кабарланды

"Кристалл" мунай базасынын геолокациясы. Саратов облусу. 8-январь, 2025-жыл
"Кристалл" мунай базасынын геолокациясы. Саратов облусу. 8-январь, 2025-жыл

Орусиянын Саратов жана Энгельс шаарлары учкучсуз учактардын соккусуна туш болду. Маалыматка караганда, бутага мунай иштетүүчү завод жана стратегиялык аэродром алынган болушу мүмкүн.

Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин "өнөр жай" объектилери зыян тартканын маалымдап, бирок чоо-жайын тактаган жок. Аймакта абадан урулуучу сокку тууралуу эскертүү берилди.

"ВЧК-ОГПУ" деген телеграм-канал жергиликтүү тургундарга шилтеме берип кабарлагандай, Саратовдогу "Крекинг" мунай иштетүү заводунда өрт тутанды. Ишкана “Роснефть” компаниясына кирет.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Саратовдогу мунай заводуна сокку урулганын бышыктап, ал ишкана орусиялык баскынчы армияны күйүүчү май менен камсыздап турганын кошумчалады.

Саратов Москвадан 725 километр алыс жерде, Волга дарыясынын боюнда орун алган.

Энгельс шаарына урулган соккуга байланыштуу орус бийлиги комментарий жасай элек.

"ВЧК-ОГПУ" аскердик аэродромго чабуул болгонун жазып, жарылуу жана өрттүн видеолорун чыгарды.

Калаада орусиялык стратегиялык авиациянын аэродрому жайгашкан. Ал жактан учуп чыккан бомбалоочулар украин аймагына канаттуу ракеталар менен сокку уруп келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде Саратов облусунун үстүнөн 18 дрон жок кылынганын билдирди. Мекеме өлкө аймагы 40 пилотсуз учактын чабуулуна туш болгонун кошумчалады.

Росавиациянын маалыматына ылайык, Казан, Киров, Саратов жана Ульяновск шаарларынын аэропорттору ишин бир нече саатка токтоткон.

Саратов жана Энгельс буга чейин да чабуулдарга кабылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG