Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:58

Кыргызстанда мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат


Бишкектеги мектептердин бириндеги класс. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мектептердин бириндеги класс. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы Кыргызстанда мектеп окуучуларынын 3-чейреги 14-мартта аяктап, 17-марттан тарта жазгы каникул башталарын жарыялады. 4-чейрек 24-марттан тарта башталат.

Министрликтин маалыматына ылайык, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына жараша аныкталган.

Салт болуп калгандай, Кыргызстандын мектептериндеги 3-окуу чейреги Нооруз майрамын (21-март) утурлай аяктап, 4-чейрек адатта 1-апрелден тарта башталчу.

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. (ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG