ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:15

Элчи Руслан Казакбаев кыргызстандыктарга Түркияда бекер дарылануу квотасын көбөйтүүнү сурады

Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын кабыл алуусунда. Анкара, Түркия. 7-март, 2025-жыл.
Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын кабыл алуусунда. Анкара, Түркия. 7-март, 2025-жыл.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев түрк бийлигине Түркиянын медициналык мекемелеринде кыргыз жарандарынын бекер дарылануусуна жыл сайын берилүүчү квотаны жаңыртуу жана көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу элчи Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен 7-мартта жолугушкан учурда билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар негизинен кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, анын ар тараптуу, стратегиялык жана бир туугандык мүнөзүн баса белгилешти. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө көңүл бурулду.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, 2025-жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө басым жасалып, алардын маанилүүлүгү баса белгиленди.

2025-жылы Кыргызстанда өтө турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Экономикалык өнөктөштүктү талкуулоо алкагында тараптар сооданы жеңилдетүү, кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү, Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик кызматташтыктын алкагында акысыз дарылануу 2019-жылы 100 квотадан 150гө көбөйгөн.

Бирок 2020-жылы башталган COVID-19 пандемиясынан улам бейтаптардын Түркияга акысыз барып дарылануусу токтотулган. Кыргызстан буга чейин Түркиядан квотаны көбөйтүүнү сураган.

Бейтаптардын бир бөлүгүн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, дагы бир бөлүгүн Түркиянын элчилиги тандап жиберет. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG