Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Кыргызстан менен Жапония ортосунда 20 чакты документке кол коюлду


 Борбор Азия+Жапония бизнес форуму. Токио. 2025-жылдын 20-декабры.
Борбор Азия+Жапония бизнес форуму. Токио. 2025-жылдын 20-декабры.

Кыргызстан менен Жапониянын мамлекеттик органдары жана бизнес структуралары кызматташа турган жаңы багыттар аныкталып, тийиштүү документтер кабыл алынды. Бул тууралуу 20-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Токио сапары алкагында бир катар жолугушуулар өтүп жатат.

20-декабрда Борбор Азия+Жапония бизнес форуму өтүп, ага өнөр жай жана машина куруу, энергетика, транспорт жана логистика, финансы жана камсыздандыруу, маалыматтык технологиялар, медицина жана фармацевтика, айыл чарба, билим берүү, ошондой эле жогорку технологиялар жана инновациялык өнүгүү чөйрөсүндө иштеген 300дөй бизнес өкүлү катышты.

Жыйынтыгында Кыргызстанга байланыштуу 20 чакты документке кол коюлду. Алардын арасында "Кыргыз Экспорт" борборунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү планы, Чоң-Кемин дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча "жол картасы", Кыргызстанда Жапониянын "Китахара" үлгүсүндөгү меджардам борборлорун түзүү тууралуу меморандумдар бар.

Мындан тышкары Кыргызстандын Агартуу министрлигинин, Талас облусунун, Балыкчы шаарынын, Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрүнүн жапониялык компания, ишканалар менен алака-катышы, туризм, энергетика, технологиялар, спорт тармактарындагы кызматташтыкты аныктаган документтерге кол коюлду.

Жапаров расмий сапар менен Токиого 18-декабрда барган. Ал эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн тышкары жапон бийлиги уюштурган Борбор Азия+Жапония лидерлеринин саммитине катышты. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG