10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматынан бошотулган Камчыбек Ташиев учурда Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда жүрөт.
Бул тууралуу маалыматты "Азаттык" Кыргызстандын Европадагы элчиликтеринин биринен тактады.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.
Ал бул кызматка келгенден кийин коррупция жана уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш жарыялап, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Андан бери бир катар адамдар уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген кине менен кармалды.
Атайын кызмат жакында эле УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген.
Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун бир нече жылдан берки саясий үзөңгүлөшү. Анын кызматтан алынышы тууралуу президент да атайын кызматтын мурдагы төрагасы да комментарий бере элек.
57 жаштагы Ташиев буга чейин дагы немис клиникаларында дарыланып жүргөнү белгилүү.
Шерине