Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:10

Трамп Конгресске жылдык кайрылуусунда Украина жана Иран маселесине токтолду

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресске кайрылуу учурунда. Вашингтон, 24-февраль, 2026-жыл
АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресске кайрылуу учурунда. Вашингтон, 24-февраль, 2026-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп 24-февралдын кечинде (Кыргызстанда 25-февраль) Конгресске кайрылуу жасады. «Өлкөдөгү абал» деп аталган жылдык кайрылуу Кошмо Штаттардын Конституциясында каралган. Президент Конгресстин кош палатасынын алдында сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү кырдаалга баа берет жана администрациясынын артыкчылыктуу багыттарын ортого салат.

Бул Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүндөгү биринчи кайрылуусу болду жана бир саат 50 мүнөткө чукул созулду.

Кайрылууну Ак үйдүн сайты түз эфирде көрсөттү.

Трамп өз кайрылуусунда негизинен ички саясий көйгөйлөргө – экономика, мыйзамсыз иммиграцияга басым жасады. Андан тышкары тышкы саясий маселелерге, анын ичинде Украинадагы согушка токтолду.

Президенттин айтымында, анын администрациясы дүйнөдөгү сегиз куралдуу жаңжалды жөнгө салды жана азыр «Орусия менен Украина ортосундагы кыргынды токтотуу үчүн чоң аракет көрүлүп жатат».

Трамп Ак үйдүн Газа тилкесинде ок атышууну токтотуудагы ролун белгиледи.

«Мен президент катары дүйнөнүн кайсы жеринде болобосун тынчтык орнотом», - деп айтты АКШнын лидери.

Күтүлгөндөй эле ал Иран маселесине кайрылып, ал өлкөнүн режими алыска жетүүчү ракеталарды иштеп чыгуу жана атомдук программасын калыбына келтирүү аракети менен АКШга коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

Трамп Кошмо Штаттар Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербей турганын айтып, «маселени дипломатиялык жол менен жөнгө салууга артыкчылык берүүнү кааларын» кошумчалады.

Вашингтон акыркы жумаларда Жакынкы Чыгышка ири аскер бөлүктөрүн жөнөтүп, Ирандагы буталарга дагы бир жолу сокку уруу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Трамп сөзүнүн башында АКШнын көз карансыздыгынын 250 жылдыгында Американын алтын доору келгенин билдирди жана администрациясынын бир жылдагы ийгиликтерин тизмектеп чыкты. Асыресе, Мескика менен чек ара бекемделгенин, инфляция төмөндөгөнүн, өлкөнүн душмандары ооздукталганын, АКШны бардыгы урматтап калганын, тоскоолдуксуз маңзат агымы токтогонун, кылмыштуулуктун деңгээли көбөйбөгөнүн, бензиндин баасы, ипотканын проценти түшкөнүн, биржадагы индекстер, мунай менен газ өндүрүү өскөнүн белгиледи.

Президенттин сөзүн республикачылар туруп кол чабуу менен кубаттаса, демократтар унчукпай отурушту. Ондогон демократ мыйзам чыгаруучу бул кайрылууну бойкоттогон жана Вашингтондо уюштурган башка иш-чараларда Трампты бир катар маселелер боюнча сындашты.

Демократтардын сенатору Крис Мерфи “азыр кадыресе заман эмес, демократтар өздөрүн эч нерсе болбогондой алып жүрүүнү токтотушу керек”, - деп айтты.

Капитолийдеги иш-чарага адатта коноктор да чакырылат. Бул жолу Ак үй бир нече күн мурун кышкы Олимпиадада алтын медал уткан хоккей боюнча улуттук команданы чакырган.


Шерине

XS
SM
MD
LG