Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:45

Оккупацияланган аймактардан украиналык балдардын дагы бир тобу кайтарылды

Украина Орусия согуш баштагандан бери 20 миңдей баланы мажбурлап алып кеткенин билдирип келет. Иллюстрация.
Украина Орусия согуш баштагандан бери 20 миңдей баланы мажбурлап алып кеткенин билдирип келет. Иллюстрация.

Bring Kids Back UA демилгесинин алкагында Украинанын Херсон облусунун оккупацияланган райондорунан балдардын жана өспүрүмдөрдүн дагы бир тобу Киев көзөмөлдөгөн аймакка жеткирилди. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин кабарлады.

“Алар жети жаштан 17 жашка чейинки кыздар-балдар. Учурда баары коопсуз жайда жана аларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат. Ар бир баланын кайтарылышы - бул орусиялык оккупанттардын тынымсыз басымынан кутулган учурдун таржымалы”.

Ушул айдын башында Москвадан Киевге беш украиналык бала жеткирилген. Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белова бул АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын координациясынын жана катышуусунун натыйжасында ишке ашканын билдирген. Ак үй дагы бул маалыматты ырастаган.

Былтыр жыл аягында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Орусиядан украиналык балдарды тез арада жана коопсуз шартта, эч кандай кошумча аракетсиз кайтарып берүүсүн талап кылган резолюция кабыл алган.

Украина Орусия ага каршы согуш баштагандан бери кеминде 20 миңдей баланы мажбурлап алып кеткенин билдирип келет. Киев ушул күнгө карата алардын 1850сүн кайра мекенине кайтарды.

Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдар Орусияга мыйзамсыз депортацияланганы үчүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту 2023-жылы мартта орус президенти Владимир Путин менен Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген.

Кремль дооматтарды четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG