Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

Кызыл Жарым Ай коому Иранда аба соккулардан 500дөн ашуун адам набыт болгонун билдирди

Ирандагы Кызыл Жарым Ай коомунун куткаруучулары. Архивдеги сүрөт.
Ирандагы Кызыл Жарым Ай коомунун куткаруучулары. Архивдеги сүрөт.

Тегерандагы Кызыл Жарым Ай коому 1-мартта АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларынын натыйжасында Иранда ушул убакка чейин 555 адам каза болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, чабуулдар өлкөнүн 131 шаарына жасалган. Жабыркагандарды куткаруу, медициналык жардам көрсөтүү жана эвакуациялоо улантылууда.

Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси акыркы эки күн ичинде Тебриз, Сараб, Мараге жана Шабестар шаарларындагы ар кандай жайлар соккуга кабылып, жалпысынан 42 адам каза болгонун маалымдады.

Каза болгондордун канчасы карапайым тургундар экени белгисиз.

28-февралда Хормозган провинциясындагы «Шажре Таййиба» аттуу мектепке жасалган ракеталык соккудан каза болгондордун саны 148ге жеткени кабарланды.

Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, бул чабуулда 95тен ашуун адам жаракат алган, алардын көбү окуучулар болгон.

Бул сандарды көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок.

28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууда. Жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуул койду.

Шерине

XS
SM
MD
LG