Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:28

Трамп Иран маселесине байланыштуу Испания менен сооданы токтотуу ниетин билдирди

Фридрих Мерц менен Дональд Трамп Ак үйдөгү жолугушууда. Вашингтон, 3-март.
Фридрих Мерц менен Дональд Трамп Ак үйдөгү жолугушууда. Вашингтон, 3-март.

АКШ президенти Дональд Трамп Мадрид Иранга сокку уруу үчүн өз базаларын колдонууга уруксат бербегени жана аскердик чыгымдарды ички дүң өнүмүнүн беш пайызына чейин көтөрүүгө макул болбогону үчүн Вашингтондун Испания менен соода мамилелерин толугу менен токтотуу ниети бар экенин билдирди.

"Алардын эли улуу, бирок жетекчилиги улуу эмес. Өзүңүздөр билгендей, алар НАТОдогу төлөмдү 5% чейин көтөрүүгө макул болбогон жалгыз өлкө. Алар баарын 2% деңгээлинде калтырууну каалашты, бирок ошону да төлөбөй жатышат. Ошондуктан биз Испания менен болгон бардык сооданы токтотобуз", - деди Трамп Ак үйдө Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен жолугушууда.

Трамп ошондой эле АКШ кааласа Испаниянын базаларын Мадриддин макулдугусуз эле колдоно аларын кошумчалады.

Мерц Берлин менен Вашингтон "Ирандагы бул коркунучтуу режимди кулатуу маселесинде бирдей көз карашта" экенин билдирди.

“Испанияны коргонуу чыгымдарынын 5 пайыздык максаттуу көрсөткүчүн сактоого көндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Биз ирандык режим кулагандан кийинки стратегияны карап чыгышыбыз керек. Бул Европа жана Израил үчүн өзгөчө маанилүү”, - деп белгиледи канцлер.

Мадрид жана Вашингтон Испаниянын түштүгүндөгү Морон жана Рота базаларын чогуу колдонушат. Испания буга чейин бул жайлар Иранга сокку уруу үчүн колдонулбай турганын билдирген. Бул окуядан кийин америкалык авиация Германияга которулган.

Испания бийлиги Трамптын билдирүүлөрүнө жооп катары Вашингтонду эл аралык укукту жана Евробиримдик менен түзүлгөн соода келишимдерин сактоого чакырды. Ошондой эле мүмкүн болгон экономикалык кесепеттерге даяр экендигин баса белгиледи.

Мадрид АКШ тараптан соода эмбаргосу киргизилсе анын кесепеттерин жумшартуу үчүн зарыл ресурстарга ээ экенин тактаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG