Кыргызстанда маданият мекемелерине жүздөн ашуун автоунаа тапшырылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев унаа ачкычтарын тапшырып жатып маданият чөйрөсүн каржылоо көлөмү акыркы беш жылда 2,5 эсе өскөнүн билдирди. Анын айтымында, тармактын бюджети 2021-жылы 2,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 6,9 млрд сомго чейин көбөйдү.
Былтыркы жылы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 851 млн сом бөлүнгөн. Быйылкы жылы 176,9 млн сомго Кыргызстандагы өндүрүштөн чыккан 117 автоунаа сатып алынып, тапшырылды.
Театр, музей, китепкана, маданият үйлөрү жана бөлүмдөрдүн жетекчилери маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин колунан унаанын ачкычтарын алышты.
Буга чейин министрдин орун басары Союзбек Надырбеков 1-апрелден тартып маданият кызматкерлеринин айлыгы 100% көтөрүлө турганын "Биринчи радиодогу" маегинде билдирген. Анын айтымында, 15 миң сом айлык алган маданият кызматкерлеринин маянасы 30-35 миң сомго жетет.(КЕ)
Маданият мекемелерине жүздөн ашуун автоунаа тапшырылды
Дагы караңыз
Шерине