Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:05

Эстония менен Латвиянын аймагында дрондор кулады

Латвиянын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Латвиянын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

25-мартка караган түнү Эстония жана Латвиянын аймагын дрондор бузуп кирди.

Delfi басылмасы жазгандай, Латвиянын аба күчтөрү болжол менен түнкү саат 2:00дө чет өлкөлүк дронду каттаган. Ал Орусия менен чек арага жакын Краслава районунда жарылып кеткен. Окуя болгон жерден анын сыныктары табылган. Жарандык инфраструктурага зыян келтирилген эмес.

Латвия армиясынын Бириккен штабынын операциялык маселелер боюнча орун басары, бригадалык генерал Эгилс Лещинскис кийинчерээк өлкө аймагына эки дрон киргенин тактады. Ал эми Латвиянын президенти дрондор Украинага тийиштүү болгонун билдирди.

Ал эми Эстонияда бийликтин маалыматына ылайык, дрон Нарвага жакын жайгашкан Аувере электр станциясынын түтүгүнө урунган. Чоң зыян келтирилген эмес, станция ишин уланткан.

Бийлик дрон Орусия тараптан киргенин билдирген, бирок окуя үчүн Москваны түздөн-түз айыптаган жок.

«Азыркы маалыматтар боюнча, дрон атайын Эстонияга багытталган эмес», — деди башкы прокурор Астрид Ази.

Эстониянын өкүлдөрүнүн сөздөрүнө караганда, дрон украиналык болушу да мүмкүн.

25-мартка караган түнү Ленинград облусундагы Усть-Луга порту жана Выборг шаары бутага алынган. Киев портко жасалган чабуулду мойнуна алды.

23-мартка караган түнү Литва аймагына да дрон кулаган. Литванын коргоо министри Робертас Каунас дрон Украинага таандык болушу мүмкүн экенин жана радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын таасиринен багытынан адашкан болушу ыктымал экенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG