АКШ Ирандагы жаңжал бүткөндөн кийин НАТО менен алакасын, балким альянска карата өзүнүн мамилесин кайрадан олуттуу карап чыгууну көздөйт.
Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына курган маегинде билдирди.
Ал өзү АКШнын НАТОго мүчө болушун дайыма колдоп келгенин, бул бирикме мүчө өлкөлөр үчүн пайдалуу экенин белгиледи. Бирок мамлекеттик катчынын айтымында, "Ирандагы операция НАТО бир тараптуу кыймыл жүргөн көчөгө айланып баратканын көрсөттү, АКШ мурдагыдай эле Европаны коргоп жатат, бирок Батыштагы өнөктөштөр ага жардам берүүдөн баш тартууда".
"Бизге алардын жардамынын деле кереги жок, биз алардан Иранга сокку урууну суранган жокпуз. Бирок алар өзүбүздүн базаларды колдонушубузга көнбөй жатышат. Анда биз эмнеге НАТОдобуз? Мындай суроо бериш керек: эмнеге биз миллиарддаган доллар коротуп жатабыз?" - деди ал.
Испания Иранга каршы согушта өлкөдө жайгашкан авиабазаларды колдонууга расмий тыюу салган. Италия жакында эле америкалык аскердик учактардын Сигонелла базасына конушуна уруксат берген эмес. Жалпылап айтканда, Европанын НАТОго мүчө болгон көп өлкөлөрү бизге тиешеси жок деген жүйө менен Иранга каршы операциялардан өздөрүн оолак кармап турушат.
Алар Ирандагы катаал авторитардык башкарууну жактабай турганын, анын Израил үчүн коркунуч жаратары бышык экенин белгилешет, бирок операциялар БУУнун Коопсузду кеңешинин макулдугусуз жана өздөрү менен кеңешпей туруп жүргүзүлүп жатканын айтышат.
"Тилекке каршы, бул жаңжал бүткөндөн кийин мамилени, НАТОнун биздин мамлекет үчүн баалуулугун кайрадан карап чыгуу зарылдыгы күмөнсүз", - деди Рубио. Ал чечимдерди президент кабыл аларын кошумчалады.
Американын президенти Дональд Трамп акыркы күндөрү НАТОго мүчө өлкөлөрдү Иранга каршы операцияларда көмөктөшүүдөн баш тартты деп сындап келет.
Буга чейин ал уюмду "кагаздагы жолборс" деп атап, Орусиянын президенти Владимир Путин НАТОдон эмес, АКШдан гана корко турганын белгилеген. Британиялык The Telegraph гезитиндеги маегинде Трамп альянсты кайра сынга алып, Американын андан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу карай турганын айткан. Трамп анда британ бийлигин да сындаган.
Шерине