Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Евробиримдик Украинага Орусиянын камактагы активдеринен 1,4 млрд евро берет

Европа Биримдиги Орусиянын камактагы активдерин реинвестициялоонун алкагында түшкөн киреше салыгынан 1,4 миллиард еврону Украинага берет.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдиргендей, каражат Украинанын Куралдуу күчтөрүн каржылоого, негизги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сактап калууга жумшалат.

2023-жылдын жайында Bloomberg агенттиги Евробиримдик Орусиянын камактагы активдерин конфискациялоо үчүн мыйзамдык негиз таппаганын, бирок аларды колдонуунун кошумча жолдорун сунуштаганын, андан түшкөн кирешенин эсебинен Украинага каржы берүү чечими бар экенин жазган.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын бийлиги Украинага негизсиз кол салып, согуш баштагандан кийин Батыш мамлекеттериндеги орусиялык 260 миллиард евродой актив камакка алынган, анын 193 миллиардга чукулу Бельгияда Euroclear эсебинде турат.

Москва өз активдерин Украинанын пайдасына жумшаган бардык операцияларды айыптап, аны уурулук деп атап келет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG