Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

Орус армиясынын жапырт соккулары Одессада үч адамдын өмүрүн алды

Орус армиясынын Одессага жасаган аба соккусунун кесепети.
Орус армиясынын Одессага жасаган аба соккусунун кесепети.

6-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Одессага ири масштабда сокку уруп, үч адам, анын ичинде 2,5 жаштагы наристе каза болду. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жана шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак билдирди.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер тактагандай, 15 адам жабыркап, алардын 13ү ооруканага жеткирилген.

Маалыматка караганда, эки адамдын абалы оор. Жараат алгандардын арасында эки өспүрүм бар.

Лысактын айтымында, Приморск районунда көп кабаттуу турак жай комплекси жана жети жеке үй жабыркаган.

Киев районунда бир көп кабаттуу имарат, беш жеке үй, жеке бала бакча, дүкөн жана 27 автоунаа зыян тарткан.

Издөө-куткаруу иштери уланууда, урандылардын алдында адамдар болушу мүмкүн.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия 6-апрелге караган түнү 141 дрон менен чабуул койгон. Алардын 114ү атып түшүрүлгөн.

Орусия Одессага жасалган массалык чабуул боюнча комментарий берген жок.

Согуштун бешинчи жылында Москва Украинанын түштүгүндөгү негизги логистикалык түйүнгө жана өлкөдөгү эң ири портко соккуларын күчөттү. Бул порт аркылуу украин дан азыктарынын жана башка деңиз аркылуу экспорттолчу товарлардын негизги бөлүгү өтөт.

6-апрель калаада Аза күтүү күнү катары жарыяланды.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG