8-апрелде Бишкектеги “Жаштык аренада” өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев 67 кг салмак ченинде жапониялык балбан Кенсуке Шимизуну 8:2 эсебинде утуп Азиянын чемпиону болду.
Ал Азия чемпионатында 2023-жылы коло, 2024-2025-жылдары күмүш алган. Раззак Бейшекеев 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө (2024-ж.), кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2021-жыл), 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону(2023-жыл). Азия оюндарынын коло медалынын ээси (2023-жыл). 20 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2022-ж.).
Бишкекте 6-апрелде башталган Азия чемпионаты 12-апрелге чейин уланат. Ага 350гө жакын балбан катышып, жалпысынан 30 комплект медал ойнотулууда.
7-апрелде кыргызстандык балбандар Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин), Акжол Махмудов (77 кг чейин) жана Асан Жанышов да (87 кг чейин) Азия чемпиону болушту. Ошентип, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы төрт алтын медал алды.
Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) жана Айпери Медет кызы (76 кг чейин) 9-апрелде финалда күрөшөт. 10-апрелде эркин күрөштөн мелдештер башталат. (BTo)
Шерине