Өзбекстандын башкалаасы Ташкенттин Янгихаёт районунда жашыруун диний мектеп табылды. Балдар кармалып, зомбулукка кабылганы тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы жаран турак жайды ижарага алып, ошол жерде 5 жаштан 12 жашка чейинки тогуз балага акчага диний сабактарды уюштурган. Ал өзү борбордогу менчик жогорку окуу жайларынын биринин экинчи курсунун студенти экени айтылат.
Тергөө версиясына ылайык, сабактар мажбурлоо жолу менен өткөрүлгөн, айрым учурларда балдардын денесине залал келтирилген. Мындан тышкары, алардын алтоо бир нече ай бою мектепке барбай, үйдө кармалып, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан эмес.
Тинтүү учурунда 49 диний китеп, 24 дептер жана ноутбук алынган.
Шектүүгө карата Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Диний окууларды окутуу тартибин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Балдардын ата-энелерине болсо «Балдарды тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбоо» беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлгөн.
Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы ушуга окшош дагы бир факт аныкталганын билдирди. Диний окуу жайда сабак берген мугалим жубайы менен бирге ошол эле райондо ижарага алынган батирде мыйзамсыз диний сабактарды өткөрүп жүргөн.
Бул сабактарга 8 жаштан 17 жашка чейинки беш бала катышкан, алардын арасында Тажикстандын да жараны болгон.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки аракеттер жүргүзүлүүдө.
Кармалгандардын, алардын адвокаттарынын же туугандарынын позициясы азырынча айтыла элек.
Шерине