Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Исламабадда АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү учурунда эки күндүк эс алуу жарыяланды

Пакистан президентинин резиденциясына кетчү жол. Исламабад, 10-апрель 2026-жыл.
Пакистан президентинин резиденциясына кетчү жол. Исламабад, 10-апрель 2026-жыл.

Исламабад Ирандын жана АКШнын жогорку расмий өкүлдөрүн кабыл алууга даярданууда. Бул – 40 жылдан берки эң маанилүү дипломатиялык кездешүү болуп калмакчы.

Америкалык делегацияны вице-президент Жей Ди Вэнс, атайын чабарман Стив Уиткофф жана президент Дональд Трамптын күйө баласы Жаред Кушнер баштап барары күтүлүүдө.

Иран сүйлөшүүлөргө тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана парламенттин спикери Мохаммад Бакер Калибафты жөнөткөн. Экөө тең акыркы күндөрдө Кошмо Штаттарга каршы катуу билдирүүлөрдү жасап келген.

Сүйлөшүүлөр 10-апрелде же 11-апрелде башталары айтыла элек. Бирок согушту токтотуу аракетине арачы түшкөн Пакистандын бийлиги Исламабадда эки күндүк эс алуу жарыялады. Адатта мындай чара коопсуздук себептеринен улам жогорку деңгээлдеги иш-чаралар маалында көрүлөт.

Кездешүүлөр өтчү «Серена» мейманканасынын айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, полициянын, куралчан бөлүктөрдүн, армиянын 10 миңден көп кызматкери жайгаштырылды.

Сүйлөшүүлөр Ормуз кысыгынын айланасындагы талаш жөнгө салынбай, Израилдин Ливанды бомбалап жатышы атышууну токтотуу макулдашуусуна көлөкө түшүрүп жаткан абалда өткөнү турат.

АКШ менен Иран 8-апрелде 15 күнгө убактылуу жарашуу тууралуу макулдашкан. Бул аралыкта тараптар урушту биротоло токтотуунун жолдорун жана шарттарын талкуулашмакчы.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG