Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү аталган окуу жайдын Жал кичи районунун жанындагы кампусунун аянтын аралап өтө турган унаа жолун куруу демилгесине каршы чыгууда.
Мындай мазмундагы петиция социалдык тармактарга жарыяланды.
Анда кампустун аймагын кесип өтчү жолду куруу студенттердин коопсуздугуна коркунуч келтирип, аталган чөлкөмдөгү жашыл аянттын кыскарышына алып келери айтылды.
Буга байланыштуу шаар бийлигинен жолду ушул аймактан алып өтүү демилгесинен баш тартып, альтернативалуу сунуштарды кароого чакырышты.
Онлайн петицияны ушу тапта 2500дөн ашык адам колдоду.
Буга чейин шаар бийлиги “Манас” университетинин аймагынан Миңжылкыев көчөсүнүн уландысын курууну пландап жатканы жарыяланган.
Мындай чара шаардагы жол тыгынын азайтуу максатын көздөрү айтылган.
Шерине